Абдалиев салыкчылардын өздөрүнөн эки күн ичинде салык төлөөнү талап кылды

  • 5 лет мурун

Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев бардык салык органдарынын кызматкерлеринен салык төлөөчүлөргө үлгү көрсөтүүнү талап кылды.

Алардын мүлкү болгон учурда, алсак унаа, турак жай жана жер салыктарын эки күндүн ичинде төлөөнү талап кылды.

Бул талап жумушчу кеңешмеде айтылды.

«Биз өзүбүздүн функционалдык милдетибиз боюнча өлкөнүн бюджетине салыктарды чогултууну камсыз кылууга милдеттүүбүз. Башка жарандар үчүн өзүбүз үлгү болуп, тийиштүү салыктарды өз убагында жана толук көлөмдө төлөшүбүз зарыл. Ошондо гана биз буларды башкалардан дагы таза абийир менен талап кыла алабыз” деп белгиледи ал.

Ошондой эле кызматкерлердин жакындарына жана тааныштарына салыкты өз мөөнөтүндө төлөө зарылдыгы тууралуу маалыматты жеткирүүгө чакырды.

Мамлекеттик кызматкерлер тарабынан учурдагы жуманын аягына чейин салыкты төлөө зарылдыгы тууралуу мамлекеттик органдарга эскертүү каттары жөнөтүлгөн.

Салык төлөөчүлөр үчүн салык төлөө боюнча бардык зарыл шарттар түзүлүшү керектигин белгиледи.

Бул максатта салык органдары 2-сентябрга чейин, анын ичинде майрам жана дем алыш күндөрү да иштешет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты