Түркмөнстан: Полиция банкоматка кезекке турган кишилерди кармоодо

  • 5 лет мурун

Түркмөнстандын чыгышындагы Лебап облусунда жергиликтүү бийлик банкоматтарга кезекке туруунун алдын — алуу үчүн катуу чараларды көрүүдө.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы маалымдагандай, полиция банкоматка кезекке турган кишилерди кармап, суракка алууда. Мындан тышкары мекеме-ишканалардын кызматкерлеринен банктоматтардын жанында “көрүнбөөнү” талап кылышууда.

Өткөн жумада Түркмөнстан президенти Бердымухамедов өлкөдө каражат жетиштүү өлчөмдө экенин билдирип, банкоматтардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздабаганы үчүн Борбордук банктын төрагасына сөгүш жарыялаган.

Бирок “Азаттыктын” түркмөн кызматы банкоматтар бузулбай эле иштеп жатканын, болгону аппараттарда акча жок экенин белгилөөдө.

Түркмөнстанда банкоматтардан бир суткада 200 манаттан (57 доллар) ашык акча чыгарууга болбойт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты