Илмияновдун соту 29-августка жылдырылды
- 5 лет мурун
Бүгүн, 26-августта, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун соту болмок. Бирок Илмияновдун иши боюнча сурак берип жаткан Руслан Шакировдун адвокатынын келбей калгандыгына байланыштуу сот отуруму 29-августка жылдырылды.
Икрамжан Илмиянов алдоо жолу менен 150 миң АКШ долларын мыйзамсыз алган деп шектелүүдө.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмиянов өткөн жылдын 20- октябрында УКМКнын тергөө абагына камалган.
Мурда Илмияновдун 28-августка чейин камакта болору айтылган.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү