​27 миң салык төлөөчү патентти онлайн сатып алышты

  • 5 лет мурун

Мамлекеттик салык кызматы 7 айда салык төлөөчүлөргө өзүнүн сайты аркылуу экономикалык ишин жүргүзүүгө электрондук түрдө 26 миң 999 патент берди.

Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

Ал эми бул кызмат көрсөтүү ишке киргенден баштап, башкача айтканда 2018-жылдын 1-октябрынан тартып салык төлөөчүлөр бул кызмат көрсөтүүнү 32 миң 547 жолу пайдаланган.

Электрондук патентти алуунун эки жолу бар: МСКнын www.salyk.kg – “Салык төлөөчүнүн кабинети” электрондук кызматы жана eID-карта (2017-жылкы жаңы үлгүдөгү паспорт) аркылуу.

Патентти интернет аркылуу алууга мүмкүн болгондуктан, салык төлөөчүлөргө салык органына баруунун кереги жок.

Патент үчүн төлөмдү терминал, банкомат жана башка банктык төлөм карталарын тейлөө жана кабыл алуу боюнча техникалык инфраструктураны түзгөн түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Азыркы учурда электрондук патент үчүн “Viza” жана “Элкарт” карточкалары аркылуу бир катар банктардан (“Демир банк”, “Кыргызкоммерц банк”, “РСК Банк”), ошондой эле “Элсом”, “Умай” жана “Аманат” мобилдик капчыктары аркылуу төлөөгө болот.

Ошондой эле “Оптима банк”, “РСК Банк”, “Айыл банк”, “БТА банк”, Quickpay, Megacom, AsisNur, Terempay төлөм терминалдары аркылуу жана “РСК Банктын” жана “Айыл банктын” кассалары аркылуу накталай төлөмдөр каралган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты