​Ташкенттин базарында сакал койгондорго каршы рейд өттү

  • 5 лет мурун

23-августта Ташкенттеги «Малика» базарында сакал койгондорго каршы рейд жүрүп, ондогон киши кармалды.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Алар милиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин сакалдары алынып, үйүнө коё берилген.

Рейд маалында кармалгандар Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине кайрылып, жарандардын сакалын мажбурлап алдыртуу тууралуу буйрук боюнча расмий түшүндүрмө талап кылышууда.

Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгынан укук коргоо органдарынын мындай аракеттери мыйзамсыз экенин белгилешти.

«Сакал коюу ар бир мусулман баласы үчүн сүннөт болуп эсептелет. Жарандарды сакал койгондугу үчүн эле кысымга алуу мыйзамсыз» деп билдирди мекеменин өкүлү.

Акыркы кездери Өзбекстанда бир аз сакалы өскөн студенттер сабакка киргизилбей, көчөдөгү сакалчан адамдар кармалып, милиция бөлүмүнө суракка жеткирилип жатканы кабарланууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты