Жаңы окуу жылында 660 мектеп интернетке туташтырылат

  • 5 лет мурун

Быйыл жаңы окуу жылынын башталышына карата Кыргызстанда 660 мектеп интернетке туташтырылат. Бул тууралу Ысык-Көлдө өтүп жаткан мугалимдердин август кеңешмесинде маалым болду.

Билим жана илим министрлигинин маалыматына караганда, 2016-2017-жылы 775, ал эми 2018-2019-жылы 613 мектеп өкмөттүн эсебинен глобалдык желеге кошулган.

Бирок министрлик айрым мектептерде маселе толук чечиле электигин белгилөөдө

«Алардын ичинен мектеп интернетке туташканы менен компьютерлери жок болгондору да бар» деди министр Гүлмира Кудайбердиева.

Кыргызстанда 2262 мектеп бар. Быйылкы жыл өлкөдө “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылы деп жарыяланган.

Учурда өкмөттөн интернетке деп ар бир мектепке ай сайын 2 миң сом бөлүнөрү белгилүү болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты