Таластын тургуну дүкөнүн китепканага айлантты

  • 5 лет мурун

«Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында Таластын Кара-Буура районуна караштуу Манас айылында жаңы коомдук китепкана ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, жергиликтүү активисттер миңге жакын жаңы китеп чогултушкан. Анын баары эми бир жерде сакталат. Китепкана үчүн жайды айыл тургуну Төрөбек Солтонкулов бөлүп берди. Буга чейин ал жер чакан дүкөн болчу.

«Бир адамдан бир китеп» долбоорун 2019-жылдын башында жаш муун өкүлдөрү Бакай Акылбеков жана Эрлан Смайыл уулу түзүп, жүзөгө ашыруу усулу жана жалпы жобосу иштелип чыккан.

Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылынан башталган бул саамалыкты учурда жалпы республиканын көптөгөн айыл-кыштактарында жана шаарларында студенттер жана жаштар улантып жатышат.

Уюштуруучулар долбоордун максаты жалпы элди китеп окууга үндөө, жаркын келечекке салым кошуу жана шаарлардагы, аймактардагы, алыскы айылдардагы китептердин тартыштыгы жана китепканалардын кыйынчылыгы менен байланышкан маселелерди чечүү экенин белгилешет.

Буга дейре «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун жардамы менен жеке каражатка Кыргызстандын 53 китепканасы жаңыланды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты