Бабанов экинчи жолу УКМКда суракта

  • 5 лет мурун

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) экинчи жолу сурак берүүгө кирип кетти. Ал 2017-жылдагы президенттик шайлоонун үгүт маалында, Он-Адырдагы билдирүүсүнө байланыштуу күбө катары суралып жатат.

Башкы прокуратура 2017-жылдын 28-сентябрында, ошол кезде президенттикке талапкер катары үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн Бабановдун, Ош шаарынын Амир-Темир кичи районундагы сүйлөгөн сөзү боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал 20-августта УКМКга ошол иштин алкагында күбө катары суракка чакырылган. Мындан тышкары ага карата “бийликти басып алууга даярдык көрүү” деген айып менен да иш ачылган.

Өмүрбек Бабанов өзүнө карата айтылган айыптоону четке кагып, козголгон кылмыш ишинин негизи жок экенин айтып келет.

Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Утулуп калгандан кийин Кыргызстандан чыгып кетип, бир топ убакыт тышта жүрүп, быйыл 9-августта кайтып келди.

Бабанов Финансы полициясында “Кыргызстан” банкы боюнча эки жолу сурак берип чыкты. Быйыл банкка байланыштуу кылмыш иштерин териштирүү жанданганы белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты