​Белгилүү эколог Эмил Шүкүров каза болду

  • 5 лет мурун

Белгилүү эколог Эмил Шүкүров 81 жаш курагында дүйнө салды. Бул маалыматты анын жакындары ырасташты. Маалыматка ылайык, ал бир нече саат мурда Бишкекте каза болгон. Азырынча тажыясы качан өтөрү белгисиз.

Эмил Шүкүров 1938-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин биолог-зоолог адистиги боюнча, Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасын аяктаган.

Узак жылдар бою Кыргыз микробиология жана гигиена институтунда эмгектенип, илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн.

География илимдеринин доктору, биология илиминин кандидаты илимий даражасын коргогон. 2015-жылы Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп шайланып, бир жыл өтпөй мэриянын борбор калаадагы жашылдандыруу боюнча жүргүзгөн саясатына макул болбой, мандатын тапшырган.

Өмүрүнүн акыркы жылдары Кыргызстандагы экология боюнча маселелерди көтөрүп жүргөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты