Домофон компаниялары көмүскө бизнес кылабы?

Домофон компаниялары көмүскө бизнес кылабы?Бишкектеги домофон компаниялары ай сайын ар бир батирден 25-30 сомдон чогултушат. Компаниялар бул акчаны техникалык тейлөө үчүн деп түшүндүрүп келет. Ал эми шаардын тургундары ай сайын домофон бузулбай турганын айтып, домофон компаниялары элдин эсебинен оңой акча тапканды үйрөнүп алганын айтышат.

Иликтөөбүздө алгач шаардын ар башка районунун тургундары менен жолугуп, алардын домофон компаниялары тууралуу  ойлоруна кулак салдык. Алардын бири Туңгуч районунун тургуну мугалим Айгүл Исмаилова (аты-жөнү өзгөртүлдү) жолдошунун телевидениеден домофон компаниялары калктын эсебинен акча табат деген жаңылыкты  көргөндөн кийин домофон акысын төлөбөй койгондугун айтты. “Менин жолдошум төлөбөй коюптур. Себеби, телевидениеден домофон компаниялары элдерди алдап акча алып жатат деген жаңылыкты угуптур. Ансыз деле элдер домофонду орноткондо төлөшкөн да. Кайра эле ай сайын алып жатышат. 10 сом почтага, 25 сом компанияга экен. Жалпы 35 сом болуп кетип жатат. Төлөбөй койсоң номерди өчүрүп салышат экен. Жалпысынан биздики бир жылга 800 сом болуп кетиптир. Негизи домофон андай деле бузулбайт. Кыштан бери бир жолу эле бузулду. Эмнеге почтага төлөйбүз билбейм. Ансыз деле почтага домофон компаниялары өздөрү төлөйт экен”, — дейт нааразы болгон шаар тургуну.

Андан кийин шаардын 3-микрорайонунун тургуну Гүля Ниязова менен маектештик. Ал дагы “Негизинен домофондор бузулбайт деле. Эгер төлөбөй койсок өчүрүп салышат. Бир жылдык 300 сом төлөмдү домкомго чогултуп беребиз. Ай сайын 25 сом почтага төлөп отургуча бир жылдыкын алдын-ала төлөгөн ыңгайлуу”, — дейт Ниязова.

Домофон компаниялары көмүскө бизнес кылабы?Ушундан улам Туңгуч районунун тургундары ашыкча төлөп жатабы, эмне үчүн эки башка райондуку эки башка баада деген суроолор жаралбай койбойт экен. Алдын-ала домком аркылуу төлөгөн шаар тургундары кызмат көрсөтүү акысын төлөбөсө, ай сайын почтага төлөгөн тургундар кызмат көрсөтүү акысын төлөйт экен.

Ал эми Восток-5 районунун тургуну болгон Ирина Владимировна домофон компанияларынын элдин эсебинен акча тапканы туурасында буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарына чыкса деле так жыйынтык болбогонун белгилеп: “Ар ай сайын төлөмдөрдү төлөйбүз. Бирок эшиктерибиз бузулбайт деле. Журналисттер бул туурасында жазышкан. Төлөй берип тажадык. Биз дооматтарыбыздын жыйынтыгы болушун каалайбыз,”- деди.

Ошондой эле тургундардын арасында домофондордун сапаттуу орнотулбай, магниттер, бурамалар бошоң болгонун, ал тургай оңдоп-түзөө үчүн техникалык кызматтын аткарылбаганына нааразы болгондор да четтен табылат.

Бузулган учурда чалынган бардык чалуулар бир эле батирге түшүп, тургундардын кыжырын келтирген жагдайлар да жок эмес экен. Ошол үчүн домофон компаниясынын кызматынан баш тарткан жарандар да  бар. Алардын бири Куруучулар шаарчасынын тургуну Мадина Шералиева. Анын ою боюнча домофон компаниялары калкты алдаган алдамчылар. Элди алдап күн көрүшөт. Мадина Шералиева “Домофон компаниялары ай сайын домофондорду техникалык колдоо квитанциясын жөнөтүшөт. Домофон компанияларынын кандай негизде иш жүргүзүп жатканын билбейм. Бирок аппаратты орноткондон кийин ага эч кандай техникалык колдоонун кереги жок экенин билем. Бир жолу домофонум  бузулуп, кандайдыр бир себептерден улам бардык чалуулар мага түшө баштаган. Компанияга байланышсам ишемби жумуш күнү эместигин айтышты. Эмне үчүн ай сайын төлөп жатам, эмне кылышты сурасам да дүйшөмбүгө чейин күтүшүмдү айтышты. Коңшуларга чалынган чалуулар  тынчымды алгандыктан домофонду өчүрүп салгам”, — деген Шералиева, шаар тургундарынын домофон компанияларынан тушүндүрмө алууларын, керек болсо укук коргоо органдарын домофон компаниялардын чын эле техникалык кызмат көрсөтүшүн же жөн эле алдайбы сураштыруусуна үндөдү.

Аталган дооматтарды териштирүү максатында домофон компанияларына кайрылдык. Алардын бири  калаанын Шопоков, 36 дарегинде жайгашкан “Домофондорго кызмат көрсөтүү борбору” ЖЧКсы,  “Домофон Сервиске” барганыбызда өзүн компаниянын менеджеримин деп тааныштырган Мээрим Абасова (аты-жөнүн айткысы келген жок) төмөнкүлөрдү айтып берди. “Биз почталар, тургундар менен келишим түзгөнбүз. Ай сайын бизге 25 сом төлөнөт.  Ал эми 10 сом почтага кызмат көрсөткөндөрү үчүн төлөнөт. Тургундарга айта берип, түшүндүрө берип тажадык. Бузулуп калса барып техниктерибиз оңдоп эле жатат. Ар кандай учурлар болот. Жоголуп кетсе ага биз жооп бербейбиз. Кээ бир тургундар бир айда төрт жолу чакырат. Кээ бирөөлөрү такыр чакырышпайт. Биз өзүбїздүн милдетибизди толук аткаруудабыз”, — дейт компаниянын менеджери.

Ушундай эле суроо менен калаанын Калык Акиев, 66да жайгашкан “Домофон KG” ЖЧКсына кайрылдык. Өзүн компаниянын директорумун деп тааныштырган Наталья Васильевна компаниянын 100дөн ашык подъездди тейлей турганын айтып, кардар менен түзүлгөн келишимди, ал тургай квитанцияны да көрсөттү. “Бул техникалык кызмат көрсөтүүнү биз кардардын макулдугу менен келишимдин негизинде алабыз. Кардарлар өздөрү чалышат. Биз алар менен макулдашып, жалпы подъезддик келишимди түзөбүз. Орнотконго  канча алаарыбызды, канча чип ачкычты берерибизди айтып, андан соң тургундар менен индивидуалдуу түрдө келишим түзөбүз. Келишимде ай сайын 30 сом төлөнөт деп жазылган. Эшиктер сынат, чиптер жоголот. Мына ушулардын бардыгын бирөө бекер жасап бермек беле. Биз деле офистин ижарасына, телефондук тарифке, визиткаларга, кагаз бардыгын алабыз да. Булардын бардыгы акча.  Бекер эч нерсе жок. Бул жерде бекерчилер отурган жокпуз”, — деген компаниянын директору тургундардын айрымдары кызматтан баш тартса  кыйнабай турганын айтты. Ошондой эле Васильевна ишти кынтыксыз аткаргандарын баса белгилеп, жада калса танаписсиз иштейбиз деди.  Эреже боюнча төлөм квитанциясы ар айдын соңунда  чыкса, бул компания июль айынын башында эле (04.07.2017) төлөм көрсөтүлгөн квитанцияны даярдап койгонбу, айтор, квитанцияда июлда төлөнүүчү төлөм жазылган экен. Сүрөткө тартууга алгач каршы болду эле, мен далил катары деп тартып алдым.

“Домофон KG” компаниясынын жетекчисинин кызматты пайдаланууну каалабаган Домофон компаниялары көмүскө бизнес кылабы?тургундарды кыйнабайбыз дегенинен улам домофон колдонбогон шаар тургундарын кепке тартып, домофонсуз ыңгайлуубу деген суроо узаттык. Алардын бири Аламедин-1де жашаган Самат Бактыбеков (аты-жөнүн айтууну каалаган жок). Самат батирине домофон коюлганын, ал үчүн буга чейин абоненттик төлөм төлөгөнүн айтып: “Төлөчүмүн. Эмне үчүн төлөп жүрөбүз деген суроолор туулду. Сынып калса деле оңдоо ишине төлөйт экенбиз. Эшик дайыма эле ачык турат. Домофон колдонбосом деле мага ыңгайлуу. Өзүм жалгыз жашайм. Төлөбөгөнүмө бир жыл болду. Домофонду өчүрүп салышкан”, –деди.

Октябрь районунун тургуну Дамира Абдыразакова да бир жылдан бери домофон колдонбоорун, домофонсуз ыңгайлуу экенин айтты. Айырмасы деле жок, үйдөгү ар бирибизде ачкычтарыбыз бар дейт Дамира айым.

Домофон компанияларына  тийиштүү суроолор менен Бишкек шаардык мэрияга кайрылсак,  Турак–жай коммуналдык чарба бөлүмүнүн башчысы Касымов Нурлан Кайбулбекович домофон компаниялары жеке менчик болгондуктан мэрияга карабасын айтты.  Ошондуктан мэрияга буга байланыштуу дооматтар түшпөйт экен. Ушундай суроо менен эле Кыргыз Республикасынын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына кайрылдык. Аталган кызматтын Бишкек шаардык башкармалыгынын орун басары Жамгырчиев Эмил агенттикке көбүнесе ТСЖдан түшкөнүн айтты. “Бизге көбүнчө үйлөрдө атайын шайланган кызматкерлердин үстүнөн доомат көп түшөт. Алар ар бир үйдөн акча чогултуп, аны туура эмес жумшап, кайра отчет бербей коюшат экен. Мына ошолордун үстүнөн арыздар келип түшөт. Мына ушулардын ичинде домофондорго байланышкан дооматтар да болушу мүмкүн. Бирок буга байланышкан чуулгандуу кылмыш иши козголгон эмес”- деди аталган кызматтын орун басары.

Жанара Каденова

Домофон компаниялары көмүскө бизнес кылабы?Бул журналисттик иликтөө IWPRдын Европалык Кеңеш тарабынан каржыланган “Демократиялык реформаларды жылдырууда журналисттик иликтөөнү калыптандыруу: укук коргоо уюмдарынын, мамлекеттик институттардын өкүлдөрүнүн жана ММКлардын ортосундагы байланышты түзүү” долбоорунун алкагында жарыяланды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты