Коопсуз шаар: бүгүн экинчи этаптын жыйынтыгы чыгат

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 23-августта “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы боюнча тендердин жыйынтыгы жарыяланат.

5,7 млрд. сомго бааланган тендерге төрт компания катышып, анын үчөө жыйынтыктоочу турга өткөн. Алар: орусиялык БИС компаниясы, кытайлык “Shenzhen Sunwin” жана орусиялык “Вега” концерни. Бул тууралуу тендердик комиссиянын төрагасы Кубаныч Шатемиров «Азаттыкка» билдирди.

Буга чейин орусиялык БИС компаниясы ага атаандаш эки компаниянын техникалык сунуштамалары “сынактын талабына жооп бербейт” деген негизде Мамлекеттик сатып алуу департаментине караштуу өз алдынча комиссияга даттанган.

Орусиялык БИС компаниясы Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөнов менен байланышы тууралуу маалымат айтылып, муну кийин алар төгүндөгөн.

Утуп чыккан компания Кыргызстандын 17 шаарында жана 73 калктуу конушунда видео байкоочу жабдуу орнотуп, жол эрежесинин бузулушун каттайт.

Беш жылдык долбоор 5 млрд. 791 миллион сомго бааланган. Анда жалпы өлкө боюнча 314 көзөмөл камера-комплекси орнотулары көрсөтүлгөн. Долбоордун биринчи этабы быйыл февралда башталып, анда “Вега” компаниясы 35 миллион долларга 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты