Адил Турдукулов УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге каршы Башкы прокуратурага кайрылды

  • 5 лет мурун

Жарандык активист Адил Турдукулов УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге каршы Башкы прокуратурага кайрылды.

Бул тууралуу жарандык активист билдирди. Анын айтымында, Сегизбаев 2016-жылы «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаевди, Алмамбет Шыкмаматовду жана Аида Салянованы каралаган «Белизгейт» чатагы боюнча жалган документтерди жарыялаганы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек.

— Абдил Сегизбаев өзү «Белизден атайын документтер келди» деп айтып келген. Бирок бул жалган болуп чыкты. Ошондуктан УКМКнын мурдагы төрагасынын аракеттерине укуктук баа берилиши керек эсептейм, — деди Турдукулов.

Жарандык активист бул боюнча кайрылууну Башкы прокуратурага тапшырганын жана кандай мыйзамдык аракеттер көрүлөрүн күтөрүн кошумчалады.

Бул боюнча Абдил Сегизбаев жана Башкы прокуратура эч кандай комментарий бере элек.

2016-жылы УКМКнын ошол кездеги жетекчиси Абдил Сегизбаев айрым депутаттар 2012-жылы «Альфа Телекомдун» мамлекетке өткөрүлбөгөн 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан.

Ал сөз болуп жаткан документтерде саясатчылар Өмүрбек Текебаевдин, Аида Салянованын жана Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү жазылганын кабарлаган.

Кийин документтин түп нускасы УКМКда жок экени белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты