Өмүрбек Текебаевдин акталуусуна жол ачылды. Жогорку сот ишти кайра кароого жөнөттү

  • 5 лет мурун

Жогорку сот «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча мурда чыккан сот чечимдерин жокко чыгарды. Аны менен катар жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароого жөнөтүлдү.

Мындай чечим Жогорку Сотто чыкты.

Иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра каралмай болду.

Текебаев менен Чотонов орусиялык жарандан пара алды деген негизде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Экөө тең бул айыптоону ошол кездеги бийликтин саясий куугунтугу деп аташкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты