Кампадагы өрттөн эки адам ууланды

  • 5 лет мурун

Бишкектин батыш тарабындагы өрттөнүп жаткан кампадан ууланган эки адамды ооруканага алып кетишти. Бул туурасында Тез жардам кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 25-30 жаштагы эки эркек киши өрт учурунда ууланган. Аларды оор абалда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып келишкен.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги өрт болгон аймакка үч Тез жардам бригадасы чыгып кеткенин кабарлаган.

Борбор калаанын Москва жана Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишиндеги Фрунзе заводунун BEKO компаниясынын тиричилик техникасы сакталган кампадан өрт чыккандыгы тууралуу ӨКМге саат 11:23тө маалымат түшкөн. Соңку маалымат боюнча, жеринде сегиз өрт өчүрүүчү бригада иштеп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты