Бабанов Кыргызстанга эмне үчүн келгенин айтты

  • 5 лет мурун

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов дээрлик эки жылдан кийин мекенине кайтып келишинин себебин саясатка кайтуу эмес, «кырдаалды жөнгө салуу» аракети менен байланыштырат. Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка кирип баратып журналисттердин суроолоруна жооп берип ал «7-8-августта Кыргызстанда курчуп турган кырдаал» тууралуу айтты:

— Кырдаал курчуп турганда токтотуш үчүн учуп келдим. Күч органдарынан бирөө кайтыш болуп, жөнөкөй жарандардан көбү жарадар болду. Саясаттын эң жогорку тепкичи – президенттикке талапкерлик. Мен программам менен элиме чыккам. Шайлоо болду, экинчи орун алдым. Шайлоонун жыйынтыгын тааныдым. «Саясаттан кеттим» деп айттым.

Белгилей кетсек, саясатчы кечээ, 19-августта, «Кыргызстан коммерциялык банкынын» иши боюнча Финполго сурак берген. Ал эми бүгүн президенттик шайлоонун алдында Он-Адырда сүйлөгөн сөзү боюнча УКМКга кирди.

Өмүрбек Бабановго УКМК тарабынан эки кылмыш иши козголгон. Биринчисинде, улут аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылса, экинчисинде, бийликти күч менен басып алмакчы болгон деп күнөөлөнгөн. Ал 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан биротоло кеткенин билдирген.

Бирок экс-депутат ушул жылдын апрель айында Бишкекке кайтып келүү ниетин билдирип, кайра кийин ал чечимин өзгөрткөн.

Арадан төрт ай өткөн соң, 9-августта Бишкекке келип, тарапташтары менен жолугушкан. Ошол эле учурда УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерткен болчу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты