Алайда жер титирөө катталды

Жаңылыктар

Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, бүгүн саат 07:45те жер титирөө Алай районунун Эркечтам айылында 2,5 баллга чейин сезилди.

Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн эч ким жабыркаган жок, эч нерсе кыйраган жок.

Жаңылыктаржер титирөөОшАлай