Өмүрбек Бабанов УКМКга суракка чакырылды

  • 5 лет мурун

Өмүрбек Бабанов УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан, 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир-Тимур кичи районундагы сүйлөгөн сөзү боюнча президенттикке талапкерге карата козголгон кылмыш ишинин алкагында Өмүрбек Бабанов суракка чакырылды. Ө.Бабанов кылмыш ишинин алкагында күбө катары өтүүдө.

УКМК Бабановго эки кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Биринчиси «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.

УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын 8-августта эскерткен.

Бабанов 2017-жылдагы шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Президенттик шайлоодон кийин Орусияга чыгып кеткен.

Ал 9-августта Москвадан Бишкекке учуп келип, аба майданынан тосуп алган тарапкерлерине «мен дайыма мыйзам жолунда жүрөм» деп билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты