Бабанов Финполдо сурак берип жатат

  • 5 лет мурун

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматында сурак берип жатат. Бул туурасында Cпутник Кыргызстан коргоо органдарындагы маалымат булагына таянып жазып чыкты.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан биротоло кеткенин билдирген.

Бирок, ушул жылдын апрель айында Бишкекке кайтып келүү ниетин билдирип, кайра кийин ал чечимин өзгөрткөн. Кайра 9-августта Өмүрбек Бабанов Бишкекке келген.

УКМК Бабановго эки кылмыш иши козголгонун эскертти. Биринчисинде, улут аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылса, экинчисинде, бийликти күч менен басып алмакчы болгон деп күнөөлөнгөн.

Ал эми 8-августта, УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартылаарын айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты