ЖК депутаты Карамушкина тараткан маалымат чындыкка дал келбейт

  • 5 лет мурун

ЖК депутаты И.Карамушкинанын тараткан “Курманбек уулу Миржан атайын күч кызматкери тарабынан уруп согуудан каза болду” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

“Азыркы убакта КР Саламаттыкты сактоо министрлиги Кой-Таш окуясында бир адам, КР УКМК атайын күч кызматынын орун басары каза болгондугун расмий билдирген. Мындан башка Кой-Таштагы окуялардан жабыркагандардын арасында каза болгондор тууралуу факты катталган эмес. 130 ашуун адам ар кандай жаракаттар менен медициналык жардамга кайрылышкан. Буга байланыштуу, И.Карамушкинанын бул билдирүүсүн далилсиз маалыматтарды жайылтуу аркылуу коомчулукту алдоо катары эсептесек болот. КР жарандарын кызыктырган так жана туура маалыматтарды берүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар бар”,-деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, КР УКМК жалган маалыматтарды жайылтууда мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты