Садыр Жапаров боюнча райондук соттун чечими өзгөрүүсүз калды

  • 5 лет мурун

Чүй облустук соту камактагы саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров боюнча райондук соттун чечимин өзгөрүүсүз калтырды.

Буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы саясатчыга мунапыс берүү сунушу менен Аламүдүн райондук сотуна кайрылган. Бирок ал канааттандырылган эмес. Бүгүн облустук сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Ошондой эле, 30-апрелде, Жогорку сот Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан эле.

«Биз соттон Жапаровдун мөөнөтүн үч жыл төрт айга кыскартып, шарттуу түрдө бошотулушун сураганбыз. ЖАМК жаңы кодекстерге ылайык Жапаровдун иши өзгөчө оордон оор кылмыштарга алмашып, 2014-жылдын 27-январында чыккан «Мунапыс жөнүндөгү» мыйзамды колдонууну сунуштаган. Бирок Аламүдүн райондук соту «алты айлык мөөнөт өтүп кетти» деген жүйө менен канааттандырган эмес», — деди экс-депутаттын жактоочусу Шарабидин Токтосунов.

Мындан улам жактоочулар биринчи инстанциянын чечимине каршы облустук сотко арыз жазган.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаровду 2017-жылы 25-мартта чет өлкөдөн Кыргызстанга кирери менен «Ак-Жол» чек ара бекетинен УКМК кызматкерлери кармаган.

Экс-депутат «2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган» деп айыпталып, 11 жыл 6 айга кесилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты