Казакстандын жоокерлери Кыргызстанда жоголгон альпинисттерди издеп жатат

  • 5 лет мурун

Казакстандын жоокерлери Кыргызстанда жоголуп кеткен альпинисттерди издеп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан Коргоо министрлигине шилтеме берип жазды.

Алматынын акими Бакытжан Сагинтаевдин айтымында, бүгүн, 19-августта, кыргыз тараптагы Иле Ала-Тоосунда казакстандык альпинисттердин тобу жоголуп кеткен. Хан-Теңир тоосунан издөө иштери аткарылып жаткан жерге тик учак менен куткаруучулар жөнөп кетти.

Sputnik Казакстан агенттигинин жазганына караганда, үч адам жоголгон: Мурат Отепбаев, Андрей Корнеев жана Александр Чечулин. Акыркысы каза таап калышы ыктымал деген божомолдор айтылууда.

Буга чейин Мурат Отепбаевдин кызы Айгүл социалдык тармакка жардам сурап кайрылган. Алматылык альпинисттер Жеңиш чокусунда (6600 метр бийиктикте) «капканга» түшүп калган. Хан-Теңир менен Жеңиш чокусунун аралыгы 16 чакырымды түзөт.

Коңшу өлкөнүн Коргоо министрлиги аба ырайына байланыштуу издөө иштери оорлоп жатканын кабарлады. Мындай бийиктикте иштөө үчүн климатка көнгөн куткаруучуларды жиберүү зарылдыгы бар. Мындай группадагы куткаруучулар альпинизм боюнча «Эльбурс шакеги 2019» эл аралык сынагына катышкан.

Кыргызстандын Башкы штабы Sputnik Кыргызстан агенттигине бир аздан кийин маалымат берүүнү убадалады. Ал эми КР ӨКМи альпинисттер акыркы жолу 15-августта байланышка чыкканын маалымдап, туркомпания тарабынан билдирүү түшпөгөнүн билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты