УКМК: «Сапар Исаков күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө»
- 5 лет мурун
Тергөө абагынан ооруканага түшкөн мурдагы Премьер-министр Сапар Исаковдун абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматка караганда, учурда Исаков күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат.
Сапар Исаков 16-август күнү ооруканага которулган эле.
Белгилей кетсек, Исаков 2018-жылы 5-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө амалдары аяктаганга чейин камакка алынган. Ал «Коррупция» беренеси боюнча айыпталууда. Исаков 2013-жылы президенттин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде «Бишкек ТЭЦин модернизациялоо» долбоорун ишке ашырууда өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланганы айтылууда.
Муну бөлүшүү