Мектеп формасы боюнча билим берүү министрлиги сунуштама берди

  • 5 лет мурун

Мектеп жетекчилери окуучулардын формасын ата-энелер менен макулдашып, сапатына жана баасына маани берүү менен тандашы шарт. Мындай билдирүүнү Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү мектептердин баарына жөнөттү. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Алдыдагы жаңы окуу жылын утурлай министрлик өкмөттүн токтому менен 2015-жылдан тарта мектепте бирдиктүү форма кийүү талабы коюлганын эскертүүдө.

«Мектеп жетекчилиги ата-энелер менен биргеликте форманын түсүн жана үлгүсүн тандашы керек. Ошол эле учурда ак көйнөк, кара шым сыяктуу классикалык кийимдерди кийүүгө чектөө коюлбайт. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги форма тандоодо баасы ата-энелердин чамасына чак келе турган жана балдар үчүн ыңгайлуу болушуна маани берүүнү сунуштайт», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле эң башкысы — окуучулардын кийген кийими Кыргыз Республикасынын «Балдардын кийими жана бут кийиминин коопсуздугу жөнүндөгү» техникалык регламентине жооп бериши зарыл.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты