ИИМ: Атамбаевдин кудасынын үйүнөн 170 миң сом жана бир топ тизме табылды

  • 5 лет мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кудасынын үйүн тинтүүдө ири суммадагы акча жана адамдардын аты-жөнү жазылган барактар табылды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Тинтүү 9-августка караган түнү Атамбаевдин кудасы, уулу Сейитбектин кайнатасы Дж. М. аттуу адамдын үйүндө жүргүзүлгөн.

«Сейитбек Атамбаев 8-августта кайнатасынын үйүндө калтырып кеткен 170 миң сом акча, адамдардын аты-жөнү жазылган барактар табылды. Анда алардын жашаган жери, телефон номерлери көрсөтүлгөн. Ошондой эле 2,2 миллион сом менен 318 миң доллар чыгымдалганы белгилүү болду. Болжолдуу маалыматтар боюнча акчалар митингге чыккандарды жана башаламандык уюштургандарды каржылаганга кетиши мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

ИИМ тизмедегилер такталып жатканын белгилеп, анын жыйынтыгы менен чечим чыга турганын кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты