Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосу оңдолуп жатат

  • 5 лет мурун

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосун оңдоо иштери 14-августта башталды. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин сайтына жарыяланган маалыматка караганда, спорт ордосун оңдоого жергиликтүү курулуш компаниялардын бири демөөрчү болуп жатат.

Оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүндө имараттын концерттик залындагы эски 2200 отургуч жаңысына алмаштырылып, залдын шыбы жана полу оңдолот. Андан тышкары спорт ордосунун фойесине кыргызстандык спортчулардын портреттери илинет. Агенттик аталган имаратта 2012-жылдан бери ремонт иштери болбогонун билдирди.

Кожомкул атындагы спорт ордосу 1976-жылы курулуп бүткөн. Имараттын аянты эки гектарга жетет, чоң залында спорттун бардык түрү боюнча мелдештер, концерттик программалар жана ар кандай коомдук иш-чаралар өтөт. Залга үч миңге жакын көрүүчү батат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты