​Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Азия Ньюс» гезитин сотко берди

  • 5 лет мурун

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «ар-намысыма шек келтирди» деп кадыр-баркын коргоо үчүн «Азия Ньюс» гезитин сотко берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Разаков «басылма Жеңиш Разаковдун Тажикстандын атайын кызматтарына тиешеси бар делген анык эмес маалыматты жарыялаган» деп, гезитти 10 миллион сом доого жыгууну көздөп жатат.

«Азия Ньюс» вице-премьер-министрдин арызы боюнча азырынча комментарий бере элек.

Ушул тапта Октябрь райондук сотунда аталган гезит менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана ИИМдин 7-башкармалыгынын жетекчиси да соттошуп жатат. Алар да «гезит ар-намысыбызга шек келтирди» деп, ар бири 5 миллион сомдон талап кылууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты