Салянова: «Камакта Атамбаевди коргоо үчүн отурган жокмун»

  • 5 лет мурун

Мурдагы башкы прокурор, экс-депутат Аида Салянова “Фейсбуктагы” баракчасында билдирүү калтырып, үй камагына чыкканы жана тергөө кызматы менен түзүлгөн келишим жөнүндө маалымат берди.

“‌Бир нерсени так айткым келет. Мен 73 күн камакта Алмазбек Атамбаевди коргоп, ага жан тарткан үчүн отурган жокмун. Ал ага татыксыз. Менин камакта болгонумдун бир эле себеби бар — мен эч качан коррупцияга аралашкан эмесмин. Азыр мага коюлган күнөөгө да тиешем жок. Ушунча убакыт чындык жеңет деп күттүм. Мен мурда айткан сөздөрүмдөн кайткан жокмун. Тергөө ага түшүнүү менен мамиле кылды”,-деп жазды ал.

Салянова колдоо көрсөткөнү үчүн коомчулукка ыраазычылык билдирип, оорусуна байланыштуу операцияга даярданып жатканын кошумчалады.

15-август күнү кечинде Бишкектин Биринчи май райондук соту Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды. Мунун артынан эле Ички иштер министрлиги билдирүү таратып, Салянова тергөө менен кызматташуу тууралуу келишим түзгөнү үчүн бөгөт чарасына үй камагына өзгөртүлгөнүн билдирди. Тергөө менен кызматташуу боюнча келишим түзүлгөнүн Салянованын адвокаты Рабига Сыдыкова да “Азаттыкка” ырастады.

Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынып, Бишкектин №1 тергөө абагында отурган. Ал 15-июнда ооруканага которулуп, 14 күндөн кийин кайра абакка жеткирилген. Акыркы жолу сот анын бөгөт чарасын карап, камактагы мөөнөтүн 26-августка чейин узарткан болчу.

15-августта Жогорку соттун соттук коллегиясы Салянованын Алексей Елисеевге лицензия берүү ишине байланыштуу соттук отурумду кароону улантмак. Адвокат келбей калганына байланыштуу бул жараян башка күнгө калды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты