​“Апрель” каналынын командасы медиа жана эксперттер коомчулугуна кайрылды

  • 5 лет мурун

«Апрель» телеканалынын командасы медиа жана эксперттер коомчулугуна кайрылды.

Кайрылууда алар медиа жана эксперттер коомчулугун «Апрель» телеканал берүүлөрүн объективдүү талдоого алууну өтүндү.

Андагы коомдук-саясий берүүлөрдү, анын ичинде «Вечер новостей», «Жаӊылыктар кечи», «Нить накала» жана «Кеп көөрүк» ж.б. берүүлөрдү талдоого алууну суранат.

Алардын айтымында, «Апрель» телеканалы мамлекеттик жана мамлекеттин көзөмөлүндө турган каналдарга теңтаймаш канал болуп, маалыматтык теңсалмакты сактап келгенин билдиришти.

Ошону менен бирге ар түрдүү пикирлерге да орун берип келишкенин баса белгилешти.

Алардын айтымында, «Апрель» телеканалында анын учредители Алмазбек Атамбаевге да сын пикирлер айтылып келди.

Телеканалдан Атамбаевдин оппоненттери да өз пикирин эркин айтып турушту. Бул түз эфирде гана эмес, жазылып алынып кийин уктурулган берүүлөргө да тиешелүү, алардын пикири эч убакта кесип салынган эмес» дешет «апрелчилер».

Тергөө органдары 9-августта “Форум” ишканасын жапты. Кечинде атайын түзүмдүн жоокерлери келип, ошол имаратта жайгашкан телекомпания офисин жапкан. Ошону менен телеканалдын иши токтотулуп калган.

«Апрель» телеканалынын юристтери Баш прокуратурага жана Биринчи май райондук сотуна ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин үстүнөн арыз беришти.

«Адилеттүүлүк үчүн» комитети «Апрель» телеканалынын жабылышын сөз эркиндигине карата басым катары баалады.

Кыргызстандын медиа уюмдары жана көз каранды эмес ЖМКсы 10-августта, “Апрель” телеканалынын жабылышына каршы, сөз эркиндигин жактап чыгышты.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат департаменти «Апрель” каналынын теле берүүсү телеканалдын ээсинин мүлкү камакка алынгандыгына байланыштуу токтотулду. Бул телеканалдын редакциялык саясаты, телеканалдын мазмуну же алардын бийликке көз карашына карата болгон жок» деп билдирди.

Сүрөт: «Апрель» телеканалы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты