​Абылгазиев: “Өкмөт мындан ары кен иштетүү лицензиясын көзөмөлсүз берүүгө жол бербейт”

  • 5 лет мурун

Мухаммедкалый Абылгазиев Терек, Тереккан жана Перевальное кендериндеги тоо кен ишканасы менен таанышты.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.

Ишкана жылына 100 миң тонна кен өндүрөт. Учурда алтын жана күмүштөн турган флотациянын концентратын чыгарууда.

«Эти Бакыр Терексай» ишканасында 350 адам иштейт. Анын 96% жергиликтүү эл түзөт.

Компания жетекчилигинин маалыматына караганда, ушул жылдын ноябрь айында алтын казган фабриканы куруу иштери башталат.

Ишканадан 7 млрд сом салык түшөт. Анын 2 млрд сому жергиликтүү бюджетке которулат.

Фабриканы куруу үчүн 850, ал эми өндүрүштү ишке киргизүүдө 600дөн ашык иш оруну түзүлөт.

«Компания 100 млн доллар инвестиция салууну жана 700 жумуш орунун түзүүнү, анын 90 пайызын жергиликтүү элден түзүүнү пландоодо” деди Абылгазиев.

Жергиликтүү калк менен жолугушууда өкмөт башчы буга чейин компаниянын тарыхына анализ жасалбай туруп, уруксат берүүчү документ берилип келгендигин айтты.

“Эми биз бул иштерди тийиштүү деңгээлге гана чыгарбастан, мамлекеттин кен иштеткен компаниялардагы милдеттүү үлүшүн бекитип бердик” деди өкмөт башчы.

«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы биргелешкен ишкана. Анда «Кыргызалтын» ААКнын 25 пайыз, Түркиянын «Эти Бакыр» компаниясынын 25% үлүшү бар.

Терексай кени – өлкөдөгү тоо кен тармагында мурдатан иштеген ишканалардын бири. Ал Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терексай кыштагында жайгашкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты