​«Кичи-Чаараттын» Кыргызстанга алып келген зыяны тууралуу эмнеге сөз болгон жок?

КР премьер-министри 14-августта Чаткалдагы «Кичи-Чаарат» кытай компаниясы курган фабриканын ачылышына катышты.

«Кичи-Чаарат» 220 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция салды» деп жазды өкмөт башчынын басма сөз кызматы.

Ал эми кытайлык инвестор Кыргызстанга кандай зыян, пайда алып келди, бул жөнүндө үн-сөз жок.

1. ‘Кичи-Чаараттын» учредители — «Тун Линь», Зилалиевге кара джипти кызматтык унаа катары мингизген. Бирок кытай жөн машина мингизбейт да.
2003-2016-жылдары «Кичи-Чаараттын» лицензиясы мыйзамсыз узартылып турган.
Бул факт боюнча Баш прокуратура кылмыш иш козгогон.
2. КР «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамына ылайык, кум-шагыл, топурак дагы мамлекеттин байлыгы. Аны пайдалануу үчүн лицензия берилет.
«Кичи-Чаарат» лицензиясы жок туруп далай кум-шагал, топуракты курулуш иштерине пайдаланган.
Бул факт боюнча да Баш прокуратура кылмыш иш козгоп, Кытай компаниясы Кыргызстанга 360 млн сом зыян келтиргени аныкталган.
3. Жергиликтүү бийлик «Кичи-Чааратка» уу калдык сактоочу жайдын ордун өзгөртүүгө уруксат берген.

Уу калдык сактоочу жайдын алдында 58 кг алтын калган. Жергиликтүү калктын айтымында, аны кытайлар алып алган.
Бул факты боюнча да кылмыш иши козголгон.
Мындан тышкары компания фабрика жана турак жайларды курган аянттын алдында дагы чачыранды алтындын запасы бар деп айтылат.

КР «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамы кендин үстүнө капиталдык курулуш жүргүзүүгө тыюу салат.
Кытай компаниясы КР мыйзамдарын одоно бузганына карабай, өкмөт башчы кечээ анын салтанаттуу ачылышына катышканы эмнени каңкуулайт?

Албетте, коррупция!
Бул кен байлыкта Кыргызстандын 1% да үлүшү жок. Кылмыш иши али аягына чыга элек. Ошого карабай анын ачылышына өкмөт башчынын чуркап барганы таң калтырат.

Абдыжапар Нурдинов, журналист

Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты