​Чаткалда “Кичи-Чаарат” кен байытуучу фабрикасы ишке киргизилди

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чаткал районундагы «Кичи-Чаарат» байытуучу фабрикасын ишке киргизүү аземине катышты.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

«Кичи-Чаарат» 2008-жылы түзүлгөн, Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл округунда жайгашкан. Куру-Тегерек жана Сулуу-Тегерек участокторунда чалгындоо иштери аяктагандан кийин алтын материалдарын чыгаруу башталган. Учурда фабрикада 529 адам иштейт, анын ичинде 419у жергиликтүү жашоочулар.

Өкмөт башчы бардык мекендештерди мындай ири ишкананын ишке берилиши менен куттуктап, мамлекет жана жергиликтүү калк тарабынан инвесторлорду колдоонун маанилүүлүгүн баса көрсөттү.

«Инвестор алтын кен ишканасынын курулушуна жана тиешелүү өндүрүштүк инфратүзүмдү түзүүгө 220 млн АКШ долларынан ашуун салууда. Ишкананы зарыл көлөмдөгү кубаттуулук менен камсыздаган өзүнүн электр чубалгылары тартылды, — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты