​Казакстан кызылча дартынын өөрчүшү боюнча дүйнөдө бешинчи орунда турат

  • 5 лет мурун

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 13-августта кызылча дартынын дүйнөдөгү абалы тууралуу жарым жылдык баяндамасын жарыялады.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул дарт Казакстан Ангола, Камерун, Чад, Нигерия, Филиппин, Түштүк Судан, Судан Таиландда өөрчүп жатат.

Бүткүл дуйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсеби боюнча өткөн алты айда дүйнөдө кызылча менен ооруган кишилердин саны 364 миңден ашкан.

Баяндамада Африка континентинде кызылча менен ооругандар он эсеге көбөйүп, кооптуу кырдаал жаралганы айтылат.

Уюмдун быйыл апрелде жарыялаган маалыматы боюнча 2019-жылдын алгачкы үч айында Казакстанда кызылча менен ооруган 3414 адам каттоодон өткөн.

Муну менен бул өлкө аталган дарттын көрсөткүчү боюнча дүйнө жүзүндө бешинчи орунда турат.

Бүткүл дуйнөлүк саламаттык сактоо уюму дарттын өөрчүшүнө вакцина болгон күндө дагы эмдөөдөн баш тарткандардын көбөйүп жатышы себеп болушу ыктымал экенин эскертет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты