​Алмазбек Атамбаевге дагы эки кылмыш иши козголду

  • 5 лет мурун

Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев мурдагы президентке дагы эки кылмыш иши козголгону боюнча маалым кат берилгенин «Азаттыкка» билдирди.

Ал эки кылмыштын бири-Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоого, экинчиси “Форум” ишканасына байланыштуу.

13-августта, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «Киши өлтүрүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Массалык башаламандык уюштуруу» деген оор беренелер боюнча кылмыш иштери козголгон.

7-8-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция болду. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 136 кишиге жетти. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты. Алты жоокер барымтага алынды.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Атамбаев 26-августка чейин Улуттук коопсуздук комитетинин абагында камакта болот.

Буга чейин Атамбаев Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча коррупция беренеси менен айыпка шектелип жаткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты