Биринчи мамлекет башчы Орозбековдун 130 жылдыгы белгиленет
- 5 лет мурун
Биринчи мамлекет башчы Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы белгиленет.
Бул тууралуу чечимге Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалыматтык кызматы кабарлады.
Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планы түзүлдү.
Алардын алкагында анын өлкө тарыхындагы ролу тууралуу илимий-конференция өткөрүү, Бишкек шаарында мемориалдык такта орнотуу жана Орозбеков атындагы музейде оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жана башка бир катар чаралар пландалууда.
Абдыкадыр Орозбеков – көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүнүн башатында турган, 1925-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Жумушчу, дыйкандар жана жоокерлер советинин облустук аткаруу комитетинин төрагасы болгон.
Абдыкадыр Орозбеков 1927-жылдан 1937-жылга чейин Кыргыз автономиялуу советтик социалисттик республикасынын, Кыргыз советтик социалисттик республикасынын борбордук аткаруу комитетинин төрагасы жана биринчи мамлекет башчы болгон.