Атамбаевди кармоо: Пиар жана талашка түшкөн баатырлык

Бул күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Ташта кармалышына байланыштуу окуя экинчи өңүт алды. Бул жолу сын пикирлер ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун айланасына топтолууда.

Курсан Асановдун кызматтан алынышы «милициянын кызыкчылыгын саткандыгына, ишеничтен кеткендигине байланыштуу» деген ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсү менен коштолуусу көптөгөн жоромолду жаратты.

Кечээ, 13-августта, Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Курсан Асановдун кызматтан бошотулушу боюнча мурдагы билдирүүсүнө кошумча маалымат таратып, министр Кашкар Жунушалиев Атамбаевди кармай турган болгондо, өз ишин таштап, Курсан Асанов ортодон чыга калганын билдирди.

ИИМ: «Сүйлөшүүлөрдү Кашкар Жунушалиев жүргүзүп келген»

Кошумча маалыматта айтылгандай, Кой-Таштагы окуялардын жүрүшүндө коомдук тартипти орнотуу максатында А.Атамбаев жана анын тарапташтары менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиев эки жолу сүйлөшүү жүргүздү.

Сүйлөшүүнүн негизи максаты кан төгүлбөстөн Атамбаевдин колго түшүп берүүсүн жана бардык маселелер укук талаасында чечиле тургандыгы белгиленген.
Бирок, Атамбаев сүйлөшүүнүн шарттарына макул болгон жок. Ал атышууга даяр экендигин белгиледи. Ошондо Кашкар Жунушалиев атышуу жакшылыкка алып барбастыгын, колго түшүп берүүсүн айтып, абалды курчутпоону талап кылып, А.Атамбаевге 10 мүнөт убакыт берген.
Сүйлөшүү жүргүзүп жаткан учурда Атамбаевдин жанында Кундуз Жолдубаева, Фарид Ниязов, эки жансакчысы жана 25-30 жаштардагы жигит болгон. Кундуз Жолдубаева: “Биз чыкпайбыз, каршылык көрсөтөбүз”,- деп айтып жатты.

Ошондон кийин гана штурм жасаганга мажбур боло тургандыгы эскертилип, дагы 3 мүнөт убакыт берилген. Үйдүн ичиндеги А.Атамбаев жана анын тарапташтары министрдин койгон талаптарына макул болуп, чыгууга даярданып калган кезде жеке кызыкчылыгын көздөп өзүнө бекитилип берилген коомдук тартипти сактоо боюнча сыртттагы кызматтык ордун таштап Курсан Асанов А.Атамбаев менен сүйлөшүүгө кирип кеткен.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында коомдук тартипти турукташтырууда өзүнө тапшырылган жерде кызматтык милдеттерин аткаруунун ордуна, кызматтык ордун таштап пиар менен алектенүү, өзүнүн телефонун ошол жердеги кызматкерлерге берип окуянын жүрүшүн тарттыргандыгы, курал-жарактарды кармаганга болбостугун, аны криминалисттик-эксперттик кызматкерлер гана кароого ала тургандыгын, фото-видеону атайын кызматкерлер гана тарта тургандыгына карабастан кызматтык милдеттерди аткарууда кемчиликтерге жол бергендиги аныкталгандыгы анын кызмат ордунан бошотуу боюнча чечим кабыл алууга негиз болгон, —деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Курсан Асанов: «Мен кызматтык милдетимди аткардым деп ойлойм»

13-августта ички иштер министри Курсан Асанов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен кызматтан бошотулган. Премьер-министрдин буйругунда кызматтан алуунун себеби айтылган эмес. Ал буйрукка ИИМдин басма сөз кызматы түшүндүрмө берген.

“Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен «милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш берилген” деген ИИМ басма сөз кызматы.

Ал эми Курсан Асанов өзүнүн кызматтан бошотулушуна мындай жооп кайтарган:

«Мен кызматтык милдетимди аткардым деп ойлойм. Жеке кызыкчылыгымды мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койгон жокмун. Мундирдин баркы жана генералдын сөзү мен үчүн курулай сөз эмес.

Бир канча жолу өлкө коркунучта болуп жатканда кызмат учурунда бетме-бет келдим. Андай убактарда мамлекетте туруктуулукту камсыз кылууга күчүмдү да, өмүрүмдү да аяган жокмун.

Мага байланыштуу маселенин баары ачыкка чыгат деп эсептейм. Өлкөнүн жана абийиримдин алдында мен акмын» деди Курсан Асанов.

«Өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп» деп айтылган сындын артында социалдык түйүндөрдө Курсан Асанов Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда кандайдыр пакет алган жана анын ичинде баалуу буюмдар, документтер болушу мүмкүн» деген жоромолдор жүрөт.

ИИМдин басма сөз кызматы бул окуяга кызматтык иликтөөнүн соңүнан кийин гана жыйынтык чыгарууга боло турганын билдирди:

«7-8-августтагы окуялар боюнча тергөө жүрүп жаткандыгына, кошумча маалыматтар текшерилип жаткандыгына байланыштуу кээ бир маалыматтар азырынча ачыкталбай тургандыгын да белгилейбиз.

Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Башкы прокуратурага юридикалык баа берүү үчүн жиберилди, -деп белгилейт ИИМдин басма сөз кызматы.

Убакыт баарына тараза. Атамбаевди кармоо учурундагы бул жагдайлар кызматтык иликтөө аяктаган соң, ачыкка чыгаар.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болду. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны алгач 45 кишиге жетсе, кийин алардын саны 136 адамга жеткен. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «Киши өлтүрүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Массалык башаламандык уюштуруу» деген оор беренелер боюнча кылмыш иштери козголду.

Атамбаев 26-августка чейин Улуттук коопсуздук комитетинин абагында камакта болот.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты