ИИМ: “Мирбек Айтикеев кармалган жок. Суракка да чакырылган жок»

  • 5 лет мурун

Журналист, жарандык активист жана КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев кармалган жок жана суракка дагы чакырылган жок.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев 10-октябрга чейин камакка алынды деген маалымат чындыкка дал келбейт.
7-8-августундагы Кой-Ташта жана Бишкекте болгон окуялар боюнча кылмыш ишинин алкагында Мирбек Айтикеев күбө катары өтүүдө, -деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Буга чейин КСДП активисти, журналист Мирбек Айтикеев кармалганын жана 10-октябрга чейин камакта болорун «Апрель» телеканалы фейсбук баракчасына жазган.

13-августтагы басма сөз жыйынында баш прокурор Өткүрбек Жамшитов мындай деп билдирген:

-Айтикеев, Мамытова, Ложников, Жолдубаева, Карамушкина, Кодуранова 7-8 –августтагы Кой-Таштагы окуяны көрүштү. Иштин тергелиши үчүн буларды сурайбыз. Алар журналист же саясатчы болгону үчүн эмес, көз карашы же сыны үчүн эмес, окуяны тактап, юридикалык баа бериш үчүн суралууда, — деди баш прокурор.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болду. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 136 кишиге жеткен. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты.

Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Атамбаев 26-августка чейин Улуттук коопсуздук комитетинин абагында камакта болот.

13-августта Атамбаевге «Киши өлтүрүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Массалык баш аламандык уюштуруу» деген оор беренелер боюнча кылмыш иштери козголду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты