Жунушалиев: «Жаш балдар, соттолгондор, наркомандарды алып келип, бийликти алууга аракет кылышты»

79 милиция кызматкери таш бараңга алынып, жарадар болду. Экөөнүн абалы оор, — деп билдирди Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 7-8-августта Кой-Таштагы окуя тууралуу бүгүн, 13-августта, басма сөз жыйынында.

-Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары мыйзамды сыйлабай, коомдук тартипти бузуп, өзүнүн үйүндө «Кой-Таш элдик республикасы» деп жарыялап, элди жыйнап, керек болсо күч колдонобуз, каршылык көрсөтөм де ачык айтып, укук коргоо органдарынын талаптарын аткарбай келип, мына ушул абалга келди.

7-апрель күнү (-Жунушалиев жаңылды -7-август) укук коргоо кызматкерлери алып келүү үчүн барган кезде каршылык көрсөтүп, ок чыгарып, кызматкерлерди өлтүрүп, бир нечесин оор жарадар кылып, калган кызматкерлерди уруп-сабап барымтага алды.

Бул мыйзамдуулукту бузуубу же өзүн коргообу деп айтып жатасыздар. Бул- мыйзамдуулукту бузуу, мамлекетти сыйлабоо, элди ойлобоо.

Ошондуктан тартипти орнотуу үчүн барымтага түшкөн кызматкерлерди алып чыгуу үчүн милиция кызматкерлери 7 си күнү кечинде эч бир каражаттары жок барганда, Атамбаевдин тарапташтары жолго бөгөт коюп, биздин кызматкерлерди уруп-сабап, бир нече кызматкерлерге зыян келтирип, Чүй ИИБ башчысы оор жаракат алып, аны Москвага алып кетишти.

Биздин мыйзам негизинде ок чыгарганга укугубуз бар болчу. Биз ок чыгарбаш үчүн, кан төгүлбөш үчүн, ал күнү убакыт берип, кызматкерлерибизди артка тарттык.

Эртеси, коргоо кеңеши өткөндөн кийин окуяны талдап, алып жаткан маалымат менен иштеп, Атамбаев мыйзам сактоонун ордуна, элди форумга чакырып, план түзүп, бийликти алууга, шаарды тоноого аракет кылды.

8-август күнү операция өткөрүүгө чечим кабыл алдык.

Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөттү. Эки жолку сүйлөшүүдөн, күч колдонобуз дегенден кийин колго түшүп берди.

Ичинде Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева колго түшпөйбүз деп турушту.

Мыйзамды сыйлаган жаран болгондо, мындай болмок эмес.

Ала Тоо аянтына элди чогултуп, жаш балдар, соттолгондор, наркомандар менен бийликти алганга аракет кылышты.

Азыр арасында депутаттар да бар,тергөөдөн кийин аттары да аталат.

79 милиция кызматкери таш бараңга алынып, жарадар болду. Экөөнүн абалы оор. Бирок бирөө да кан төкпөй, элди сыйлап, күч колдонгон жок. Шаардын тонойбуз дегендерден шаарды коргоду,- деди Ички иштер министри.

Бүгүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге бир нече оор кылмыштар боюнча кылмыш иши козголду.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болду. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны136 кишиге жеткен. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты.

Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Атамбаев 26-августка чейин Улуттук коопсуздук комитетинин абагында камакта болот.

Буга чейин Атамбаев Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча коррупция беренеси менен айыпка шектелип жаткан.

Сүрөт: Интернет булактарынавн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты