Бердымухамедов орусиялык «Аурус» лимузиндерин сатып алуу келишимине кол койду

  • 5 лет мурун

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов Орусия өндүрүшүнөн чыккан «Аурус» лимузиндерин сатып алуу боюнча келишимге кол койду.

Бул машинелерди чыгаруу үчүн Орусия акыркы жети жылда бюджеттен 200 миллион доллар короткон.

«Аурус» биринчи жолу былтыр Владимир Путиндин инаугурациясында колдонулган, андан кийин бул машинелерди 280 миң долларга сатууну чечишкен.

Кечээ, Каспий экономикалык форумунда Гурбангулы Бердымухамедовго ак түстөгү лимузинди көрсөтүштү. Түркмөн лидери ага автоунаанын түсү жакканын айтып, баасы да жеткиликтүү экенин билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты