​Сот “Апрель” телеканалын расмий токтотту

  • 5 лет мурун

Сот “Апрель” телеканалынын ишин расмий токтотту.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Жалпыга маалымдоо каражататтарынын мыйзамы боюнча ЖМК ишине кийлигишүү же токтотуу сот органдарынын чечими менен гана ишке ашышы керек.

”Апрель” телеканалы соттун чечими менен токтотулду. Телеканал ээси өзгөчө оор кылмыштарга айыпталып, анын мүлктөрү камакка алынган.

Телеканалдын ээси Алмазбек Атамбаев тергөө ишинин жүрүшүнө байланыштуу Атамбаев 26-августка чейин камакка алынды.

Ошону менен бирге маалымат департаменти бул теле канал мыйзамды так аткарган “ций” телерадио органынын катарына киргендигин билдирди.

«Адилеттүүлүк үчүн» комитети «Апрель» телканалынын жабылышын сөз эркиндигине карата басым катары баалады.

Кыргызстандын медиа уюмдары жана көз каранды эмес ЖМКсы 10-августта, “Апрель” телеканалынын жабылышына каршы, сөз эркиндигин жактап чыгышты.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болду. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 45 кишиге жетти. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты