​“Медиа уюмдар жана көз каранды эмес ЖМКнын “Апрель” телеканалы боюнча кайрылуусу

  • 5 лет мурун

Кыргызстандын медиа уюмдары жана көз каранды эмес ЖМКсы бүгүн, 10-августта, “Апрель” телеканалынын жабылышына каршы, сөз эркиндигин жактап чыгышты.

Кайрылууда 2017-жылы “Сентябрь” каналы жабылса, 2019-жылдын 9-августунда “Медиа Форумдун” имараты камакка алынып, ошого байланыштуу ошол эле имаратта жайгашкан “Апрель” телеканалынын иши токтогону айтылат. Ал имаратта ижарада отурган башка ЖМКлар да жабыр тартканы белгиленет.

Медиа коомчулук бийликтин мындай кадамына кескин каршы чыгат.

-Мындан эки жыл мурда Атамбаев президент болуп тургандагыдай эле, биз азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековду альтернативдүү каналдын жабылышына көңүл бурууга чакырабыз. Болбосо бул бийликтин кайра оңдогус катасына айланмакчы.

Бүгүн “Апрель” каналынын мүлкүн камакка алууга зарыл муктаждык жок, анткени айыпка шектүү адам УКМК камак жайында отурат. Телеканал мыйзам бузууга айыпталып жаткан жок.

Өлкөдө саясий кризис болуп турган учурда “Апрель” ал окуяларды тезинен чагылдырып турган көп эмес каналдардын бири болду.

Телеканалдын мүлкүн камакка алып, анын ишин токтотуу туура эмес деп эсептейбиз, себеби Конституцияда чектөөнүн кайсынысы болбосун, мыйзамдуу максатка жооп берип, ошого шайкеш болуш керек.

Ошого байланыштуу биз телеканалдан камакты алып салууну, ишин баштоого мүмкүндүк берүүнү талап кылабыз, деп айтылат кайрылууда.

Ошондой эле 7-8-августта, биз алдыда дагы аңдап-түшүнө турган окуя болуп өткөнү белгиленет.

-Биз бүгүн мурдагы президенттин үстүнөн акыйкат жана мыйзамдуу сот болушун күтүп жатабыз. Дал ушундай убакта биздин баарыбызга ар кандай ЖМК керек, анын ичинде окуяны башка позицияда караган да ЖМК керек.

Биздин өлкөдө болуп жаткан окуяларга ар тараптуу пикир керек, ошондо гана акылман элибиз окуяга өзү кандай баа беришти чечип алат.

ЖМК эркиндиги бул биздин ар бирибиз каалаган булактан ар убакта малымат алууга мүмкүнчүлүгүбүз болот дегендик.

Биздин өлкөбүз дайыма ушул жагынан айырмаланып келет. Ошол себептен биздин республика Борбор Азия өлкөлөрү арасынан эл аралык рейтингдерде жогору турат.

Биз ар убак ЖМКдагы пикирлердин көп түрдүүлүгү, ЖМК плюрализми менен айырмаланып келгенбиз,- деп айтылат кайрылууда.

Медиа полиси институту

Интерньюс Кыргызстан

“Журналисттер” КБ

Медиа өнүктүрүү борбору

“МедиаКонсалт” фонду

КР көз каранды эмес журналисттер союзу

«24.kg» МА

Kloop.kg

Адель Лаишева

Марат Токоев

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты