​Сүрөтчү Догдурбек Нургазиев менен коштошуу

  • 5 лет мурун

9-августта катуу оорудан кийин Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, профессор Догдурбек Нургазиев 64 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз бийлиги, сүрөтчүлөр жана замандаштары кол койгон расмий некрологдо мындай деп айтылат:

“Догдурбек Нургазиев Кыргызстандын эң белгилүү сүрөтчүлөрүнүн бири эле. Анын сүрөттөрү көптөгөн республикалык жана эл аралык көргөзмөлөрдө: Германия, Иран, Казакстан, Кытай, Конго, Люксембург, Малайзия, Өзбекстан, Россия, Түркия, Франция, Швейцария, Япония жана башка өлкөлөрдө коюлган.

Догдурбек Нургазиевдин чыгармачылыгы постмодернизмге ыктайт. Эмгектери КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринде бар (Москвадагы Чыгыш искусство музейинде, Женевадагы Улуттар сарайынын галереясында жана башка).

Мамлекет алдында чыгаан сүрөтчүнүн жасаган эмгеги жогору бааланып, «Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү», «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» наамдарына татыган. Т. Садыков атындагы Көркөм сүрөт академиясынын мүчөсү, профессор, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон.

Кыргыз көркөм сүрөт искусствосуна зор салым кошкон таланттуу инсан, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Нургазиев Догдурбек Бакасовичтин жаркын элеси замандаштарынын эсинде түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз” деп айтылат некрологдо.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты