​Өкмөт башчылар Ысык-Көлдө фестивалды көрдү

  • 5 лет мурун

Премьер-министрлер Мухаммедкалый Абылгазиев, Никол Пашинян (Армения), Сергей Румас (Беларусь), Дмитрий Медведев (Россия), ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян 9-августта Чолпон-Атада «Рух Ордо» маданий борборундагы классикалык жана джаз музыкасынын эл аралык «Tengri Music Festival» фестивалын көрүүгө барышты.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматы кабарлады.

Фестивалга Кыргызстан, Россия, Армения, Казакстан, Беларусь, Германия жана Австриянын атактуу музыканттары катышууда.

Аткаруучулардын арасында белгилүү гитаристтеринин бири Артем Дервоед, джаз ырчысы, вокалист Карина Кожевникова, Австриядан меццо-сопрано Хайдемария Обертюр, эл аралык сынактардын лауреаты, заманбап музыка аткаруучусу, Олег Лундстрем атындагы биг-бэнд солисти, трубач Ростислав Кочетов, Чоң театрдын легендарлуу армян тенору Гор Арсенян, көрүнүктүү кыргыз опера ырчысы, европалык публиканы багындырган, сопрано Жамиля Раимбекова, джаз мэтри, пианист Лев Кушнир бар.

Айта кетсек,9-августта Чолпон-Атада ЕАЭБ Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өттү.

Сүрөт: өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты