​Атамбаевдин тарапташтарын суракка күчтөп алып кетишүүдө

  • 5 лет мурун

Атамбаевдин тарапташтарын суракка күчтөп алып кетип жатышканын КСДП расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, Темирлан Султанбеков, Эрмек Окенов, «Айкөл Ала Тоо» коомдук бирикме өкүлдөрүн ИИМдин башкы тергөө башкармалыгына атайын аскердин коштоосунда суракка алып кетишти.

Ошондой эле Атамбаевдин «Форум» имаратына мөөр басып бекиткени жатышканын кошумчалады.

Ал эми буга чейин президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов 7-сентябрда Кой-Ташта атайын аскерлерди барымтага алуу фактысы боюнча суракка барып, кармалганын Жолдубаева журналисттерге билдирди.

Атайын аскерлерди барымтага алуу боюнча боюнча КСДП расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзү, Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, экс-депутат Равшан Жээнбеков ИИМдин башкы тергөө башкармалыгына күбө катары чакырылып, сурак берип чыгышты.

Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек суралганын адвокат Замир Жоошев ЖМКга билдирди.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 8-августта Кой-Ташта кармалып, Улуттук Коопсуздук комитетине жеткирилген.

Атамбаев 26-августка чейин Улуттук коопсуздук комитетинин абагында камакта болот. Атамбаев Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча коррупция беренеси менен айыпка шектелип жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты