Ысык-Көлдө — премьерлердин парады (Фоторепортаж)

9-августта Чолпон-Ата шаарынын «Рух Ордо» маданий борборунда Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны чакан жана кеңейтилген курамда өттү.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартибине 15 маселе киргизилген.

Анын ичинде транс чек аралык аракеттенүүгө, агрардык өнөр жай комплекстерин өнүктүрүүнүн биргелешкен божомолдоруна, алкоголдук рынокту жөнгө салууга, 2018-жылдагы ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин ортосунда ташуу үчүн бажы алымдарынын суммасын бөлүштүрүүгө байланыштуу жана башка актуалдуу маселелер киргизилген.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларын Президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алды.

Мындан тышкары жыйындын алкагында Өкмөт башчылардын эки жактуу жолугушуулары өттү.

Сүрөттөр: Өкмөттүн басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты