​Бабанов: «Баарыңарды сабырдуулукка чакырам»

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Бабанов Бишкекке келди. Ал өзүн тосуп чыккандардын баарына, колдогондорго ыраазылык билдирди.

«Баарынарды сабырлуулукка чакырам. Эң негизгиси — Кыргызстандын биримдиги». «Биз укуктук талаага кайтып келишибиз керек» деди Бабанов.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, Сооронбай Жээнбековго утулуп калган.

Шайлоодон кийин Бабанов тарапташтарын бийлик тынч коюшу үчүн өлкөдөн чыгып кетип, партиядагы мандатын ташпырып жана саясатка бир жыл аралашпай коюу шартын аткарганын НТС каналына интервьюсунда айтты.

Ошол эле жылы 4-ноябрда «анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде Башкы прокуратура иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген.

Ошондой эле ага карата «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш козголгону кабарланган.

Фото: Reporter kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты