Чолпон-Атага шериктеш өкмөт башчылар чогулду

  • 5 лет мурун

Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБ Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны чакан курамда өтүп жатат.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жыйындын катышуучуларын Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө макулдашууга кол коюлушунун 5 жылдыгы жана Евразия интеграциясы идеясынын 25 жылдыгы менен куттуктады.

Бүгүнкү жыйынды Кыргызстанда өткөрүү сунушун кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартибине 15 маселе киргизилген.

Анын ичинде транс чек аралык аракеттенүүгө, агрардык өнөр жай комплекстерин өнүктүрүүнүн биргелешкен божомолдоруна, алкоголдук рынокту жөнгө салууга, 2018-жылдагы ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин ортосунда ташуу үчүн бажы алымдарынын суммасын бөлүштүрүүгө байланыштуу жана башка маселелер киргизилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты