​“Альфачы” Үсөнбек Ниязбеков менен коштошуу

Бүгүн, 9-августта, “Альфа” атайын отрядынын командиринин орун басары, Кой-Таштагы 7-августтагы атайын операция маалында кызматтык милдетин аткарып каза тапкан Үсөнбек Ниязбеков акыркы сапарга узатылды.

Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси Орозбек Опумбаев Ниязбековго каза тапкандан кийин полковник наамын ыйгарды.

Жогорку Кеңештин кечээ, 8-августтагы, кезексиз жыйынында УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев Үсөнбек Ниязбеков террорчуларды кармоо боюнча операцияларга катышып келгенин, алардын биринде жеңил жаракат алганын айтып өттү.

Опумбаев Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операциянын жүрүшү тууралуу мындай деп депутаттарга баяндап берген:

“Атамбаевдин тарапташтары аны кармоо операциясы учурунда “альфачылардын 28 “помпа” куралын. 14 автоматын, 15 тапанча жана башка ок-дарыларын тартып алган. Операция учурунда 25 «алфачы» жоокер жараланган.

7-сентябрдагы Кой-Таштагы атайын операция учурунда Үсөнбек Ниязбековго ок тийип,алган жаракатынан ооруканадан каза тапкан.

Анын кандай куралдан ок жанылганын экспертиза көрсөтөт. Азырынча снайпердик куралдан ок жегендиги тууралуу божомол бар экени айтты.

Жогорку Кеңештин 8-августтагы жыйынында бир катар депутаттар УКМК төрагасы Орозбек Опумбаевди күбө адамды суракка мажбурлап алып кетүү операциясында «Альфа» отрядынын жоокерлерин алып барган чектен тышкары окуяга жооп бериш керектигин айтышкан.

Дастан Бекешов «Альфа» атайын отрядынын барышы үчүн УКМК Опумбаев жооп бериши керектигин билдирди.

Алмамбет Шыкмаматов 50 жаш спецназды Кой-Ташта 2000 агрессивдүү кишиге салып берип, операция ишке ашпай калганын айтты.

Үсөнбек Ниязбеков 1972-жылы туулган. “Альфачы” аскердин артында алты баласы калды, алардын кенжеси бир жарым жашта эле.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты