​Жээнбеков: “Атамбаев мыйзам талаптарын одоно четке какты”

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта, Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы белгилегендей, Алмазбек Атамбаев Конституциянын жана мыйзам талаптарын одоно түрдө четке кагып, тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга катуу куралчан каршылык көрсөткөн.

Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасы — укуктук мамлекет. Мамлекеттин милдети — бардык жарандар мыйзамдын талаптарын кынтыксыз сактоосун камсыз кылуу экенин белгиледи.

Мамлекет башчы Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылып, тез арада чараларды кабыл алуу зарылдыгына байланыштуу мыйзамдуулукту, өлкөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чараларды аткаруунун зарылдыгын баса белгиледи.

УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, КР Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат беришти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты