​Сариев: “Башыбыздан мындай нерселер өткөн”

  • 5 лет мурун

Экс-премьер-министр Темир Сариев Кой-Таштагы окуя боюнча фейсбук баракчасында пикирин билдирди.

-Абал абдан курчуп кетти. Тилекке каршы мындай учурда өкмөт башчысы жана укук коргоо органдарынын башчылары элге эмненин негизинде мындай болуп кеткени тууралуу эч кандай кайрылуу жасаган жок.

Биринчиден, ок атылып кетти. Бир топ адамдар жараат алышты. Мурдагыдай эле күч түзүмдөрүнүн кызматкери сабалды. Абал чектен чыгып атат. Сөзсүз түрдө чукул сессия чакырылып, талкууланышы керек. Ага чейин өкмөт башчы кайрылып, курал колдонууну токтотуусу керек. Башыбыздан мындай нерселер өткөн. Өтө этият болушубуз керек” деди Сариев.

7-августта Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүндө күч структураларынын мурдагы президентти кармоо операциясы жүрүп, анын кесепетинен бир канча ондогон кишилер жаракат алып, атайын бөлүмдүн кызматкери алган жаратынан каза тапты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты