Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чакырды
- 5 лет мурун
Бүгүн, 8-августта, Президент Сооронбай Жээнбеков 7- августтагы Кой-Таштагы окуяга байланыштуу Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрөт.
Президент 7-августта өзүнүн кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн токтотуп, Бишкек шаарына келди.
Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө аны кармоо боюнча атайын операция өткөрүлгөн.
Атайын операция учурунда бир канча ондогон кишилер жаракат алган. Алган жаракатынан улам «спецназ» аскеринин бири каза тапты.
Муну бөлүшүү